Кенелер Кыргызстандын кайсы жеринде көп

Кенелер сезону башталды. Буга байланыштуу, дарыгерлер сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана августтун акырында байкалат.

 

Адатта зоолдор Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет. Андыктан, адистер бул жерлерге баруудан баш тартууну сунуштайт.

 

Ал эми буга карабай, жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык,  жыл сайын энфефалит кенелеринен 1 миңге чукул адам жабыркайт.