Бишкек – Кара-Балта  унаа жолун оңдоо иштери кийинки жылдын октябрында жыйынтыкталат

Бишкек – Кара-Балта  унаа жолун оңдоо иштери кийинки жылдын октябрында жыйынтыкталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, трасса колдонууга 2020-жылы эле берилмек, бирок пандемия жана техникалык маселелерден улам, жумуштар кечигүү менен жүрдү. Жолдун жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Ал 2017-жылы эле оңдолуп баштаган. Учурга карата Сокулук районундагы тилкелер эле калды.