Карим Бензема  “Алтын топко” башкы талапкер

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема  “Алтын топко” башкы талапкер. Экинчи орунда өткөн жылкы лидер “Бавариянын” форварды Роберт Левандовски жайгашат. Ошондой эле талапкерлердин тизмесинде Мохамед Салах, Килиан Мбаппе, Лука Модрич жана башкалар бар.

 

Эске салсак, Бензема Чемпиондор лигасынын алкагында катары менен эки беттеште хет-трик менен өзгөчөлөнө алды.

 

Муну менен ал тарыхта эки оюнда үчтөн гол киргизген төртүнчү футболчу болду. Ага чейин мындай ийгиликке Луис Адриано, Криштиану Роналду жана Лионель Месси жеткен.