Кыргызстанда Евразиялык технопарк түзүлүшү мүмкүн.
Евробирикмедеги биздин өлкө өкмөтүнүн атайын өкүлү Асылбек Айдаралиевдин айтымында, технопарк ЕАЭБ мамлекеттеринин окумуштууларынын жана ойлоп табуучуларынын агро өнөр-жай, отун-энергетикалык жана спутник технологиялары жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерин алдыга жылдыруу менен алектенет.
Айдаралиев белгилегендей, технопарк ишкердүүлүктө толугу менен колдоо көрсөтөт – идеянын жаралышынан тарта анын жалпы рынокко чыгуусуна чейин.