Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 813 сомго теңелди

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 813 сомго теңелди. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, 16,7 пайызга көп. 2022-жылдын биринчи кварталына карата эсептөөлөрдү Улуттук статистика комитети жүргүздү.

 

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.