Чек арадагы окуя боюнча териштирүү башталды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктаганын билдирди.

 

Сүйлөшүү 12-апрелде ок атылган аймакта өткөн. Эки тараптуу сүйлөшүүгө чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

 

“12-апрелде кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын талкууладык. Биринчи маселе — эки тараптан кошумча тартылган куралдуу күчтөрдү мурдагы ордуна кайтаруу иштери жүрө баштады. Аскер прокуратурасы бул окуяны иликтеп жатат. Канибадам-Худжант трассасынын чек араны бөлүп турган тилкесин эки тараптын милициясы биргелешип кайтарууну колго алды. Элге түшүндүрүү чараларын эки тарап өз-өзүнчө жүргүзмөй болду”, — деп билдирди облус башчысы.

12-апрелдин кечинде чек арада ок атышуу орун алгандан кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан. Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйыны 13-апрелде күндүзгү саат 11де ок атышуу болгон Лейлектин Селкана тилкесинде өтмөй болгон.

 

Ушул тушта аймакта күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атылган. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик аскерлери Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылаганы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жоокердин абалы орто, анын бутуна, санына жана таманына октун чачырандысы тийген.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып Тажикстандын 27 жаштагы жоокери жараат алып, ага операция жасалып жатканын жазган.