Бишкекте келе жаткан күндөрдө кардын көп жаашы күтүлүүдө.
Синоптиктер кабарлагандай, күтүлгөн аба-ырайы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына тиешелүү.
Ордо калаада бүгүн кечинде кар жаайт. Ал эми эртең жаан-чачын күтүлбөйт, бирок суук болот.
Күтүлгөндөй, эс алуу күндөрү жомоктогудай себелеп кар жаайт.
Аба-ырайына байланыштуу айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай,
акырын жүрүүсү зарыл. Ошондой эле жол эрежелерин сактоо сунушталат.