Кыргызстанда хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт.

Аталган турнир өлкө тарыхында биринчи жолу өтүп жатат.

Бул тууралуу Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, 2-марттан 7сине чейин турнир эки тур менен өтүп,

ага Кыргызстан, Малайзия, Филиппин жана Кувейттин хоккейчилери катышат.

Учурда мелдешти өткөрүүгө кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Атайын комиссиянын коопсуздук, муз аянты, медицина боюнча койгон

талаптарынын 80 пайызы аткарылды. Ошондой эле ал турнирди жеңген команда

4-дивизиондун дүйнө чемпиону аталып, 3-дивизионго көтөрүлүүгө жолдомо ала турганын кошумчалады.