Кыргызстанда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча рекорд жаралды.
Иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, суучул Виталий Худяков кечээ
5тен 15 мүнөт өткөндө Чолпон-Атадан багыт алып, 13 саат 18 мүнөт өткөндө
Кажы-Сайдагы финишке жетти. Мөөнөт аралыгында спортчу 58 чакырымды сүзүп өттү.
Виталий Худяков Казакстан спортчусу. Ал ачык асман алдындагы сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону.