Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Өнөр-жай мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев ишендирүүдө.

 

Бирок ошол эле кезде ал, “темирге ишениш болбойт” деп эскертти. Авариялык өчүрүүлөргө электриктердин бригадасы түзүлдү. Алар чакырууларга ыкчам түрдө барышат.

 

Бузууларды оңдоо үчүн жабдуулар жана тетиктер жетиштүү, — деди Сагынбаев. Белгилеп кетсек, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү күн сайын азаюуда.