Кыргызстандын электр тармактарынын эскирүү деңгээли 70 пайыздан ашат

Кыргызстандын электр тармактарынын эскирүү деңгээли 70 пайыздан ашат.  Ал эми Бишкек ЖЭБинин бул көрсөткүчү 82 пайызга жетет. Жабдуулардын басымдуусу 30 жылдан ашык кызмат кылган, — деп билдирет Economist.kg ге шилтеме келтирип Регнум.

 

Ошондой эле, ГЭСтердин, Бишкек, Ош ЖЭБдеринин жабдууларынын абалы жакшы эмес. Алардын эскирүү деңгээли 79 пайыз. Улуттук энергохолдингден белгилешкендей, жабдууларды жаңыртууга жана кубаттуулукту жогорулатууга  350 миллиард сомдон ашык талап кылынат.