Бишкек ЖЭБи кышка дээрлик 90 пайызга даяр

Бишкек ЖЭБи кышка дээрлик 90 пайызга даяр. Ордо калаанын жылуулук-энерго борборунун директору Андрей Воропаевдин айтымында, объектидеги бардык жабдуулар ондолуп чыкты.

 

Акыркы эки буу казан ноябрдын башында колдонууга берилет. Учурда ЖЭБдин сактоочу жайларында 130 миң тонна көмүр бар. Отунду жеткирүү планга ылайык аткарылууда.

 

Воропаев белгилегендей, синоптиктердин божомолу менен октябрда абанын температурасы нормадан жогору болот, андыктан жылуулук сезону ноябрдын башында башталат.