Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдиргендей,

арзандатуу этап менен жүргүзүлөт. Андан кийинки динамика өлкөдөгү экономикалы

ишмердүүлүктөн көз каранды болот. Кыргызстан күйүүчү май менен үзгүлтүксүз

камсыздалат, ага тынчсыздануу жок. Ушул жылдын 4 айында өлкөдө бензин

2 сом 80 тыйынга же 6,7 пайызга арзандаган. Ал эми дизел

отуну 4 сом 7 тыйынга же 9,7 пайызга төмөндөдү.