Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү жогорулады.
Быйыл февралда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар мекенге 177 миллион доллар которушту.
Бул бир ай мурдагы көрсөткүч, январга салыштырмалуу 25,5 миллион долларга же 14 пайызга
көп, — деп билдиришти Улуттук банктан. Салтка айлангандай акчанын басымдуу бөлүгү
Россиядан келди – 97 пайыз. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей,
Кыргызстанга которулган каражаттын көбөйүшү курс айырмасынан болушу мүмкүн.
Анткени которулган сумманын көбү рубль түрүндө келет.