Өлкөдө күйүүчү майдын баасын этап менен төмөндөтүү уланууда.
Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, жакынкы арада күйүүчү
майдын чекене наркы 2 сомго төмөндөтүлөт. Чечим тиешелүү мамлекеттик
органдар менен өлкөнүн Мунай ташуучулар ассоциациясы менен сүйлөшүүдө
кабыл алынды. Ушул жылдын төрт айында республика боюнча бензиндин
чекене баасы 2 сом 80 тыйынга же 6,7 пайызга арзандады, ал эми
дизель отуну 4 сом 70 тыйынга же 9,7 пайызга төмөндөдү.