Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өссө дагы 10 сомго жетпейт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өссө дагы 10 сомго жетпейт.

Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу  мамлекеттик агенттиктин

директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, баанын

негизсиз жогорулашына жол берилбейт. Бирок, ал ортодо Россиядан

кое берилген баа кескин кымбаттоодо. Ага жараша алдын алуу

иш-чаралары жүргүзүлөт. Эске салсак, буга чейин мунай ташуучулар

ассоциациясы Кыргызстанда чара көрүлбөсө күйүүчү майдын баасы

10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн экенин эскертишкен.