Кыргызстан бүгүнтөн тартып Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен аба каттамдарын жандантты.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Түркия менен
Кыргызстан ортосунда жумасына 7 ирет, ал эми Дубай – Бишкек – Дубай багыты боюнча аптасына
бир жолу аба жолдору уюштурулат. Билеттерди сатып алуу жана аба каттамдардын жадыбалы
боюнча кененирээк маалыматты авиакомпаниялардын сайтынан алууга болот.