«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары Бишкек-Торугарт жана Бишкек-Ош-Исфана жолуна коюлат.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдиргендей, иштер карантин аяктагандан кийин башталат.
Долбоордун экинчи этабын кытайлык компания ишке ашырмакчы. Кошумчаласак, “Коопсуз шаар”
долбоорунун биринчи баскычы 2019-жылдын март айынан тартып Чүй облусунда жана Бишкекте иштеп жатат.