“Түндүкэлектр” жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, апрелде жарандар дээрлик 459 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарпташты.
Бул министрлер кабинети тарабынан бекитилген пландан 58 миллионго көп. Ашыра колдонуу көрсөткүчү Бишкекте катталат. Андыктан, энергетиктер эртең менен жана кечкисин электр жабдууларды көп колдонбоого чакырат.