Кыргызстанда калкты каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, азырынча процедуранын так күндөрү белгилене элек.
Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо өткөн жылдын март айында өтмөк, бирок пандемиядан улам, жылдырылган болчу.