Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарга жеке QR-код менен сертификаттар ыйгарылат

Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарга жеке QR-код менен сертификаттар ыйгарылат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, технология ири уюлдук байланыш операторлору менен биргеликте ишке ашат.

 

Эки тарап уюлдук тиркеме аркылуу сертификат бере турган сервис иштеп чыгууну макулдашты. Бул жаатта кененирээк маалымат жакынкы арада берилет, — дешти ведомстводон.