Бишкекте дүкөндүн кызматкери унутулган ири суммадагы акчаны жана документтерди ээсине кайтарып берди

Бишкекте дүкөндүн кызматкери унутулган ири суммадагы акчаны жана документтерди ээсине кайтарып берди. Кийин белгилүү болгондой, ордо калаа тургуну ага чейин эле унаасын сатып,  жаңы телефон сатып алууну чечкен.

 

Дүкөнгө кирип, смартфонду алып, 850 миң сому менен барсетканы унутуп койгон. Мындай ири суммадагы акчаны жоготконун ал кечинде гана эстеди. Акчаны кайтарып бергени үчүн ал сүйүнчү акы деп дүкөндүн кызматкерине 20 миң сом ыйгарды.