Кыргызстанда калкты «В» гепатитине каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Кыргызстанда калкты «В» гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү мекеме Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте жүргүзүүдө.

«Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана Жалпы дарыгердик практика борборлорунан акысыз ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

«В» гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору.

Эмдөөнүн алдында «В» вирустук гепатитине акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт.

«В» гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча аралыктар менен үч жолу жасалат:

— биринчи дозасы эмделген күнү;

— экинчи дозасы 1 айдан кийин жасалат;

— үчүнчү доза 6 айдан кийин жасалат.