Кыргызстанда дагы 571 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 571 адам коронавирустан айыкты.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 264, Чүйдө 70, Ошто 144, Таласта 7, Нарында 5, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 46, Баткенде 26 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 111 миң 269 адам коронавирусту жеңди.