Ордо калаада 2 күндө 1 миңге чукул эреже бузган айдоочулар аныкталды

Ордо калаада 2 күндүн ичинде 1 миңге чукул эреже бузган айдоочулар

аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан novosti.kgге билдиришкендей,

өткөн жума жана ишембиде кызматкерлер тарабынан рейд уюштурулду.

Анда мас абалында унаа башкарган 33 факты аныкталса, айдоочулук

күбөлүгү жок рулга отурган 42 айдоочу кармалды. Өз кезегинде

228 машина айып короосуна киргизилди, анын ичинен 120сы эвакуацияланды.