Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу уланууда

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарында жүрүп жатса, Чүй жана Талас облустарында курулуш пландалып жатат.

 

ГЭСтерди куруу үчүн тиешелүү укуктук нормативдер жана документтер кабыл алынды, алар инвесторлорго айрым жеңилдиктерди берет.

 

Ведомстводон такташкандай, ири станцияларды куруу менен катар кичи ГЭСтерди, күн нуру менен жана шамал иштеген системаларды өнүктүрүү Кыргызстанды энерго көз карандысыздыкка алып келет.