Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу  3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу  3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жарыялады.

 

Анын айтымында, учурда электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ички керектөөнү азайтуу, коңшу өлкөлөрдөн импорттоо жана өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү каралып жатат.

 

Белгилеп кетсек, Казакстан жана Өзбекстан менен макулдашуу жетишилип, электр энергиясын алып келүү башталды. 1-марттан тарта өлкөгө 120 миллион киловатт кирди, — деди чиновник.