Жылуулук сезонунда калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат

Жылуулук сезонунда калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл өлкөдөгү электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу үчүн Туркмөнстандан импорттоо чечими кабыл алынды.

 

Андан тышкары, учурда адистер энергетиканы өнүктүрүү үстүндө иштеп жатат. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча изилдөө иштери дагы башталды.