Парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар партияларга гана добуш бере алат

Парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар партияларга гана добуш бере алат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

 

Анын айтымында, башка өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн бюллетендерде бир гана партиялар менен аттанган талапкерлердин аты-жөнү жазылат.

 

Ал эми бир мандаттуу округ боюнча аттангандар көрсөтүлбөйт. Аларга жашаган жери боюнча шайлоо тилкесине келгендер гана добуш бере алат. Эске салсак, шайлоого карата чет мамлекеттерде 58 тилке ачылат.