Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон 2,5 миңге жакын адам аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон

2,5 миңге жакын адам аныкталды. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча,

алардын басымдуу бөлүгү Сузак районундагы бейтаптар менен байланышта

болгон, калганы Ноокат районунда табылды. Алардын баары анализ тапшырып,

учурда обсервацияга алынды. Бейтаптардын абалы учурда канааттандыраарлык.

Кырдаалга жараша дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат.

Белгилеп кетсек, өлкө боюнча жалпысынан 12 адам коронавируска чалдыкты.