Биринчи класстын окуучулары үчүн жаңы окуу жылы кадимки форматта башталышы мүмкүн

Биринчи класстын окуучулары үчүн жаңы окуу жылы кадимки форматта башталышы мүмкүн. Билим берүү министрлиги учурда бул мүмкүнчүлүктү карап жатат, — деп билдирди 24 агенттигине ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова.

 

Анын айтымында, акыркы чечимди эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Санэпидем көзөмөл чыгарат. Эгер дарыгерлер биринчи класстарды реалдуу режимде окутууга уруксат берсе, билим берүүнүн атайын жүгүртмөсү түзүлөт, — деди Жусупбекова.

 

Эске салсак, жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда.