Мекеге зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Novosti.kgге Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу, Сауд Арабиясынан ажылык сапарга тиешелүү бардык процесстерди жайлатуу сунушу берилди.
Андыктан, ажы башчыларды каттоо токтотулду.
Эске салсак, быйыл Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлүнгөн.