Кыргызстанда кымбат унааларга салык киргизүү пландалууда

Кыргызстанда кымбат унааларга салык киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, учурда өкмөт Түркиянын ашыра байлыкка киргизилген салыгы боюнча тажрыйба алып жатат, бул өлкөдө кыймылдаткычтын көлөмү жогору болгон унааларга 10 миң доллардан ашык салык төлөнөт.

 

Премьер белгилегендей, мындай жаңычылдык аз гана сандагы жаранга тиешелүү болот. Анткени, калктын басымдуу бөлүгүнүн унаалары эски жана өтө кымбат эмес.