Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым жеке медициналык жогорку окуу жайларды жабуу чечимин кабыл алды.
Ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, медициналык адистерди даярдоочу 3 эле окуу жай калат, алар – Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы, Кыргыз-орус славян университети жана Ош университети.
Калган 17 жеке жана 3 мамлекеттик окуу жайлар клиникалык базаларды ачып, тиешелүү талаптарды түзбөсө жабылат, — деди Бейшеналиев.