Бишкекте жылуулук сезону старт алды.
Бул, 6-октябрга караган түнү ордо калаада кесин суук болушу күтүлүп жатканына байланыштуу.
Андан улам, түндөн тартып ЖЭБ социалдык жана маданият тармагындагы бардык объекттерге,
ошондой эле турак жайларга жылуулук берип баштады, — дешти мэриядан. Ордо калаа
администрациясынан белгилешкендей, бардык система даяр жана жылуулук
5 күндүн ичинде бардык объекттерге жеткиликтүү болот.