Түркия коронавируска каршы айрым чектөөлөрдү алып салды

Түрк бийлиги коронавируска каршы айрым чектөөлөрдү алып салды.

Мындан ары беткаптарды сыртта жана вентиляциясы бар имаратта кийүүнүн кереги жок.

Ошондой эле, алар коронавирустун белгилери жок адамдардан ПЦР тестин талап кылбайт.

Мындан тышкары, эки окуучуга илдет жуккан учурда мектептер жабылбайт.

Ошол эле учурда бийлик кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар менен баарлашууда маска кийүүгө чакырат.