Бишкекте мыйзамсыз иштеген 30га жакын косметологиялык жай аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 30га жакын косметологиялык жай аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ордо калаада бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн 63 мекеме текшерилди.

Анын ичинен 27 клиникада уруксатсыз хирургиялык кийлигишүүлөр жасалары такталган.

Мындан тышкары, бул жерлерде санитардык режим одоно бузулуп, кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору болгон.

Жыйынтыгында 17 салон боюнча документтер укук коргоо органдарына берилип, 10 косметологиялык жайга айып салынды.