Ордо калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат

Ордо калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат.

Бул тууралуу Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан

билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар эмгек рыногунда суроо-талап

актуалдуу болгон адистиктер боюнча окутулат. Окутуу төрт айга чейин уланып,

жеке компанияларда же шаардык кесиптик лицейлерде өтөт. Жарандар

райондук жумушсуздарды каттоо бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.

Белгилеп кетсек, Бишкекте каттоосу барлар гана акысыз окутулмакчы.

Шаарда каттоосу жок жарандар башкармалыктын жаштар саясаты жана

ички миграция боюнча бөлүмүнө кайрылса болот.