Чехияда аңчынын мылтыгын элик уурдап кетти

Чехияда аңчынын мылтыгын элик уурдап кетти. Окуя өлкөнүн түштүгүндө болду. Аңчылык учурунда коркуп кеткен элик мергенчилердин бирине секирген. Анын жанынан чуркап баратканда,  мүйүзүнө мылтык илинип калган.

 

Элик ошол бойдон токой аралап качса, куралын алдыртып ийген киши анын аркасынан чуркап жөнөгөнү менен таппай калды. Учурда мылтыкты издөөгө полиция жана токой чарбачылыгынын кызматкерлери тартылды.