Хоккей боюнча улуттук курама дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Босния жана Герцеговинадагы дүйнө чемпионатына катышат.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Сараево шаарында өтө турган мелдеште алты мамлекеттен Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия жана Сингапурдан барган командалар күч сынашат.

Кыргызстандын курамасы алгач Сингапурдун командасы менен оюнга бүгүн чыгат.