Кыргызстанда орточо айлык дээрлик 30 миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 29 миң 912 сомду түздү.

Ушул жылдын январь айындагы маалымат менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү.

Мекеме белгилегендей, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу эмгек акы 41 пайыздан ашыкка өскөн.

Айлык эң көп искусство, оюн-зоок, мамлекеттик башкаруу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында көбөйгөн.

Мындан тышкары, өсүш транспорттук ишмердүүлүктө, соодада жана курулушта байкалган.