Тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы референдумга катышуусу зарыл

Тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы референдумга катышуусу зарыл.

Ушундай учурда гана ал өттү деп табылат, — деди novosti.kgге БШКнын укуктук камсыздоо

бөлүмүнүн адиси Медина Кутбердиева. Эгерде добуш берүүгө 30 пайыздан аз шайлоочулар келсе,

андан кийин Жогорку Кеңеш чара көрөт. Эске салсак, конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу

боюнча референдум 11-апрелде өтөт. Бюллетенде бир гана суроо болот – Башкы мыйзамдын

сунушталып жаткан болжолдуу редакциясына макул же каршы.