Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра өтө турган шайлоого үгүттөө өнөктүгү 20-июнь,
ушул жекшембиде старт алат. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов
билдиргендей, аггитация 10-июлда аяктайт. Эртеси, 11-июлда добуш берүү өтөт.
Кошумчаласак, Бишкек шаардык кеңешине 45 мандат үчүн 17 партия ат салышат.
Ош шаардык кеңешине дагы 45 мандат үчүн, 9 партия талапкерлигин көрсөтөт.
Токмок шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Шайлоого 6 партия катышат.
Ал эми шайлоо күрөөсү Бишкек жана Ошто — 50 миң сомдон, Токмокто — 20 миң сом.