Кыргызстанда Pfizer вакцинасы түгөнүп калды.
Бул тууралуу Novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Белгиленгендей, борбор COVAX компаниясына дары-дармектин кийинки партиясын алууга арыз берген.
100 миң дозалык вакцина 10-июлдан кийин келет.
Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда Sinopharm жана Sinovac вакциналары чоң көлөмдө бар.
Алар да калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонулат.