Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда

Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

“Коронавирустук инфекциянын таасиринен улам балдардын кээ бир оорулары өзгөрүүдө жана биз балдардын белгилүү бир тобун ковидге каршы эмдөөнү баштоону пландап жатабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Чиновник кошумчалагандай, вирус мутацияланып жатат, башка патогендик формалар аныкталууда жана өлкө буга даяр болушу керек.