Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине 95 жарым миллион сом бөлүнөт

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине 95 жарым миллион сом бөлүнөт.

Өкмөттөн билдиришкендей, учурда март айы үчүн сый акы толугу менен төлөнүп бүттү.

Кошумча сый акы өзгөчө абал шартында иштеген башка мамлекеттик кызматкерлерге,

анын ичинде милиция кызматкерлерине да төлөнүп берилет. Өкмөт өзгөчө кырдаал жана

өзгөчө абал шартында коронавируска кабылган бейтаптар менен иштеген медицина

кызматкерлеринин айлыгына кошумча акы катары

28 миңден 48 миң сомго чейин берилерин жарыялаган.