Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо бшкармалыгынын начальниги Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 9, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 3, Нарында 5 учур катталды. Анын алтоо медицина кызматкерлери. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 729га жетти.