Кыргызстанда резервдеги дарыгерлер COVID-19 боюнча окутуудан өтүп жатат.
Бул тууралуу медициналык академиядан билдиришти. Маалыматка караганда,
сабактар бүгүнтөн тартып онлайн форматында башталды. Ага мугалим-дарыгерлер,
ординаторлор жана жогорку курстун студенттери катышып, пандемия боюнча
клиникалык протоколдун жаңы версиясын үйрөнүп жатышат.
Билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет.
Алар муктаждык жаралса коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылат.