Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 10, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 9, Ош шаарында 5, Жалал-Абадда 2, нарында 9, Баткенде 1 учур катталды.
Арасында 16 медицина кызматкери бар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 419га жетти.