Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен республика боюнча 27 мектеп пайда болот.
Объектилер ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет, — деп билдиришти
Novosti.kgге мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен. Учурда 7 объектиде
курулуш иштери аяктады, калганын пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү жыл аягына чейин.
Долбоорлорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 30 миллион доллар.